Жеке жашоосу
Айдай Жигиталиева - акындын өмүрүндө, ырларында өзгөчө изи калган аялзаты. Замандаштары Алыкул менен болгон Айдайдын мамилесин жөн гана пикирлеш, көз караштары бир теңтуш курбулардын мамилеси деп баалаганы менен, акындын 1937-жылы жазылган сырты чаар кичинекей жука дептерге жазылган күндөлүгү Айдайдын да акынга кезегинде кайдыгер карабаганын далилдейт. Алгачкы махабаты катылган бул дептерди акын өмүр бою сактап жүргөн. Андагы сезимдердин сегиз айга созулганын январда башталган күндөлүктүн август айында бүткөнүнөн улам баамдоого болот. Алыкул менен Айдайдын мамилеси тууралуу көп түркүн божомол кептер айтылат. Алардын биринде элдин ошол кездеги каада-салтына ылайык, кызды ата-энеси башкага кудалап бериши эки жаштын тилегине кедерги болгону да айтылып жүрөт. Акындын өмүрүнө өзгөчө из калтырган Айдай биринчи төрөтүнөн бир айдан кийин көз жумган. Алыкул Осмонов кийинчерээк Зейнеп Сооронбаевага үйлөнүп, Жыпар аттуу кыздуу болот. Төрөлгөндөн 15 күн өткөн соң кызы чарчап калган.
1988-жылы Бишкектеги №68-мектепке, 1990-жылы
№9-китепканага акындын ысымы ыйгарылган. Кыргыз өлкөсүндө жалпысынан 20га жакын мектеп, тоо чокусу (4060 метр) жана бир кемеге Алыкулдун аты берилген. А.Осмоновдун алтымыштан ашык ырларына обон чыгарылып, Мелис Убукеев, Лиля Турусбекова, Сагынбек Ишенов жана Айдай Чотуева сыяктуу кинорежиссёрлор акын тууралуу тасма тартышкан. 1986-жылы Кыргызстан улуттук жазуучулар союзу Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыкты жана жаштар арасында жыл сайын өтүүчү "Алыкулдун ак боз ат" поэзия майрамын уюштурган.
Залкар акын 1950-жылы 12-декабрда 35 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
12-декабрга карата жылнаама.