Түркиянын Стамбул шаарындагы “Vodafone Arena” стадионунун түндүк-батыш тарабында жана аренанын жанындагы сейил бакта 10-декабрда кош жардыруудан каза болгондордун саны 38 адамга жетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
"Каза болгондордун 30у полиция кызматкерлери. Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлунун айтымында, жарылуучу зат полиция кызматкерлеринин автобусунун жанындагы унаада болгон жана футбол командаларынын беттешүүсү бүткөн маалда дистанциондук башкаруунун жардамы менен жардырылган", - деп жазылат басылмаларда.
Ал эми экинчи жардырууда жан кечти өзүн өзү жардырып жиберген.
"Алдын ала маалыматка таянсак, каза болгондордун жана жарадар болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок", - деп билдирди КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Түркиянын вице-премьери Нуман Куртулмуш терактты Күрд жумушчулар партиясы уюштурушу мүмкүндүгүн айткан. Кийинчерээк жардырууну күрддөрдүн "Күрдстан эгемендүүлүгүнүн алгырлары" радикалдык уюму моюнуна алган.