Белгилүү болгондой бүгүн, 23-апрелде Бишкек шаарында 29 жаңы троллейбус ишке берилди. Анын ачылышына катышкан мэр Иса Өмүркулов №1-троллейбус токтоочу жайдан шаардык мэриянын имаратына чейин жаңы троллейбус менен келди. “Шаарыбызга жаңы троллейбустарды сатып алууну мындан ары да улантышыбыз зарыл. Анткени бул коомдук унаалар экологиялык жактан таза, абаны булгабайт. Бүгүнкү күндө шаар тургундарын коомдук унаалар менен тейлөө 75 пайызды түзөт”,- деди шаар башчысы.