"Жаңы жылга чейин депутаттык мандатымды тапшырам", - деди бүгүн, 12-декабрда SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясынан депутат Чолпон Жакупова.
"Жыл аягына чейин бардык процедуралардын өтүп, отчётту даярдап, ыйгарым укуктарымды калтырам. 2017-жылдын 1-январынан тарта мен депутат болбойм. Юридикалык ишмердүүлүгүмдү улантам. Эгер коомчулукка, журналисттерге кызыктуу болсо, мен саясий окуяларга жеке пикирлеримди берип турам", - деди Жакупова.
Эскерте кетсек, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Жакупова: "Эгерде Конституция өзгөртүлсө, айткан сөзүмө турам. Эч ойлонбостон мандатымды тапшырам", - деп айткан. Кечээ Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп, анын алдын ала жыйынтыгы боюнча шайлоочулардын көбү "макул" деп добуш берди.