5 жыл мурун Ахматбек Келдибеков Жогорку Кеңештин спикери кызматынан отставкага кеткен. 2011-жылы 12-декабрда коомчулуктагы ага карата ызы-чуулуу маалыматтардан улам спикер кызматынан кеткен. Анын билдирүүсүн ошол учурдагы вице-спикер Бакыт Төрөбаев парламенттин жыйынында окуган. Келдибековдун бул кадамы коалициялык көпчүлүктүн таркашына байланыштырылып, анын коомдо туруктуулукту сактоо аракети менен түшүндүрүлгөн. Келдибеков парламенттин жыйынында сөз сүйлөп, өзүнө коюлган дооматтарды мойнуна алган эмес.12-декабрга карата жылнаама.