Жогорку Кеңештин депутаттарынан шайлоо комиссияларынын кызматкерлеринин эмгек акыларын көтөрүүнү суранышты

Жергиликтүү шайлоо комиссияларынын кызматкерлерине жүктөлгөн жумуш оор болгондуктан, алардын эмгек акыларын көтөрүү керек. Мындай сураныч менен бүгүн, 12-декабрда маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды.

Анын айтымында, кечээ, 11-декабрда жергиликтүү кеңешке шайлоо жана референдум таза, ачык-айкын, демократиялык принциптердин негизинде өттү. "Шайлоо комиссиялары бул максатка жетиш үчүн чоң жумуш жасашты. Аларга жүктөлгөн милдеттер көп. Биометрика киргизилгендиктен, шайлоо комиссияларынын кызматкерлери шайлоонун жыйынтыгына эч кандай таасир эте алышпайт", - деди Шайлдабекова.

Айта кетсек, жергиликтүү кеңешке шайлоодо жана референдумда иштеген ар бир оператор колуна 6200 сом алат. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин айтымында, республика боюнча 9 миңге жакын оператор бар. "Келишимге ылайык, ар бир операторго 8000 сом берилери айтылган, бирок салык кармалып, ар бир операторго колуна 6200 сомдон берилмекчи", - деген Сарпашев.

Буга чейин аймактарда иштеген операторлор SUPER.KG'ге кайрылып, аларга шайлоодо иштегени үчүн 8000 сом төлөнөрүн айтышып, бирок 6200 эле сом берилерине нааразычылыгын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Gulim_zamujem
2016-12-12 15:37:36
1 kundo 6200 berse jakwy ele, 1 aiga berse az
0
kani-esen
2016-12-12 15:53:05
Бул просто баш оору.
Алар блютен эсептешет. Бийлик оозуна баткан акчаны берип,оздорунун пайдасына чечтирип алышат. Ушинтип койсок шайлоо таза болуптур деп эл ишенип калат деп ойлошот да.
+1
tulpar90
2016-12-12 15:57:05
Шайлоо деген сөз жийиркеничтүү угулуп калды.
+2
bakulya2015
2016-12-12 19:31:22
чын эле бир аз кобойтуш керек себеби,аябай баш ооруйт. Баарыныздар эле барып коруп билсениздер керек. Шайлоо аяктаган сон эсептешти айтыныздар бирден ар бир кагаза отчет бердик чынында кыйын. Ошо чондор учун кызмат кылган сон бир аз кобойттуп койсо жакшы болот эле. 1000с деп анан кайра 200с тамакка бергиле деп алды ошондо 800с берди.
0
nur_zhoni
2016-12-12 23:30:42
bakulya2015,
Кспд партиядан биро келетда бир канверт таштап кетет, аларга ошол айлыктанда чон бир жылдык айлыкты алат ошондо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан