УКМК нааразы болгон депутаттарга жооп кайтарды

Бүгүн депутаттар ЖКнын дарбазасынан кирерде унаалар текшерилип жатканын айтып, нааразычылыктарын билдиришкен. Буга карата УКМК депутаттарга жооп кайтарды. "ЖКнын имаратынын алдында ар кандай митинг-пикеттер өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу коопсуздукту сактоо үчүн Ак үйгө өткөрүү пункттарында күчөтүлгөн текшерүү болот. Мындай процесс КРнын Мыйзамынын "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" бөлүгүнүн 3 жана 12-беренелеринин негизинде жүргүзүлөт. Анда ар бир жарандын документтери, буюмдары текшерүүгө алынат. 2011-2012-жылдары депутаттар жана алардын жардамчылары өз алдынча атуучу заттарды алып келген учурлар болгон. Ал эми ЖКнын имараты снайпер менен кайтарылат деген маалымат чындыкка жатпайт" деп билдирет УКМК. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан