22 шаардык жана 389 айылдык кеңешке шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча КСДП жана "Республика-Ата Журт" партиялары эң көп мандат алышты. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Бирок ал учурда 3-орунда кайсы партия турганын атаган жок. Шайлдабекованын түшүндүргөнү боюнча, азыркы тапта добуштарды эсептөө иштери уланууда. "Азырынча 3-4-орундарда жайгашкан 2 партия тең мандат алганы үчүн кайсынысы 3-орунда жайгашканын айтуу кыйын", - деди Боршайкомдун төрайымы.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкек шаардык кеңешине 5 партия өттү. Алар: КСДП, "Республика-Ата Журт", "Өнүгүү-Прогресс", "Мекеним Кыргызстан" жана "Кыргызстан".
Баткен шаардык кеңешине 5 партия өттү. Алар: КСДП, "Жаңы доор", "Кыргызстан", "Республика-Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс".
Жалал-Абад шаардык кеңешине жарышта 5 партия алдыга чыкты. Алдын ала маалыматтарга таянсак, КСДП, "Өнүгүү-Прогресс", "Кыргызстан", "Ата Журт" жана "Республика-Ата Журт" партиялары тийиштүү чекти басып өтүштү.