Баткен шаардык кеңешине 5 партия өттү. Алдын ала маалыматтарга таянсак, алар: КСДП, "Жаңы доор", "Кыргызстан", "Республика-Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" партиялары. "Замандаш" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиялары жетиштүү добуш топтой алышкан эмес. Шайлоонун расмий жыйынтыгы жакынкы күндөрү жарыяланат. Партиялардын ээлеген орундары боюнча айрым өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.