31 жыл мурун Канадада учак кулап түшүп, 256 адам каза болгон. 1985-жылы 12-декабрда Каир-Кёльн-Гандер-Форт Кэмпбелл багыты менен бара жаткан DC-8 учагы Канаданын Ньюфаундленд аралындагы Гандер шаарындагы аба майданынан учуп чыккандан бир нече көз ирмемден кийин жерге кулап түшкөн. Жыйынтыгында учактагылардын баары - 248 жүргүнчү жана экипаждын 8 мүчөсү каза болгон.
Бул кырсыктын себептерин изилдөөчү комиссия каргашалуу окуя учактын канаттарына муз тоңуп калышынан улам же террордук актыдан келип чыккандыгын айткан. Кийинчерээк катастрофага жоопкерчиликти "Хезболла" кыймылынын "Ислам жихады" канаты алган.
12-декабрга карата жылнаама.