Бүгүн, 23-апрелде Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата Бишкекте “Китепстан” аттуу акция өттү. Мамлекеттик китеп палатасы жана Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган бул иш-чарага белгилүү ырчылар, цирк өнөрпоздору, “тамашоучулар” жана башка жалпы китеп сүйүүчүлөр катышты. Ошондой эле Чүй-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде республикалык деңгээлде китеп жарманкеси болуп, каалоочулар китептерди дүкөндөгү баалардан бир кыйла арзан сатып алуу укугуна ээ болушту.