Бишкек шаарында бензиндин баасы 1 сомго кымбаттады. Бүгүн, 12-декабрга карата өлкөгө күйүүчү май ташып-сатуучу ири компаниянын Бишкектеги түйүндөрүндөгү баалар мындай:
АИ-98 - 44 сом 00 тыйын;
АИ-95 - 40 сом 50 тыйын;
АИ-92 - 38 сом 00 тыйын;
АИ-80 - 33 сом 80 тыйын;
Дизель майы - 36 сом 50 тыйын;
Дизель майы (кышкы) - 41 сом 50 тыйын;
Автоунаа газы - 24 сом 00 тыйын.
Автоунаага май куюучу айрым жайларда (АЗС) баалар 1 сомго төмөн. Мисалы:
АИ-95 - 39 сом 00 тыйын;
АИ-92 - 36 сом 80 тыйын;
АИ-80 - 32 сом 50 тыйын;
Дизель майы - 35 сом 80 тыйын.
Жыл сайын кыш мезгилинде күйүүчү майга суроо-талап азайып, баалар төмөндөй баштачу. Быйыл, тескерисинче, көтөрүлүп жатат. Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча, Орусияда мунайды кайра иштетүүчү компанияларда баа жогорулаганына байланыштуу Кыргыз жеринде да баа өстү. Декабрь айында күйүүчү майлар өлкөгө мурункудан 10 пайызга кымбат алынып келингени айтылат маалыматта.