ЖЫЛНААМА, 12-ДЕКАБРЬ: 20 жыл мурун евро акча бирдигинин белгиси расмий түрдө элге тааныштырылган

Мындан 20 жыл мурун, 1996-жылы 12-декабрда евро акча бирдигинин белгиси расмий түрдө элге тааныштырылган. Евро - Европа акча бирдигинин аталышы. Евронун символун жаратуу үчүн алгач сынак жарыяланып, сунушталган 10 символдун ичинен элдик сурамжылоонун натыйжасында экөө кабыл алынган. Бул белгилерден Еврокомиссия ушул белгини (€) тандап алган. Жеңип алган символдун авторлору төртөө болгону менен, алардын ысымдары расмий түрдө аталган эмес. Бирок бул белгинин дизайнери катары Европа коомунун графикалык дизайнери болуп иштеген Артур Эйзенменгерди аташат. Символдогу "Е" Европа дегенди, ал эми эки сызык евронун туруктуулугун билдирип турат.

Бул акча бирдиги 19 мамлекеттин (Австрия, Бельгия, Германия, Греция, Ирландия, Испания, Италия, Кипр, Латвия, Литва, Люксембург, Мальта, Нидерланды, Португалия, Словакия, Словения, Финляндия, Франция, Эстония) расмий валютасы болуп саналат.

12-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан