"Дордой" базарында сатууга тыюу салынган пиротехникалык каражаттар 50дөн ашуун соода жайында сатылууда

Сатууга, колдонууга тыюу салынган пиротехникалык каражаттар "Дордой" базарынын 50дөн ашуун соода жайында дүң баада сатылып жатат. Сатылып жаткан заттар мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин тактоо үчүн соодаргерлерге кайрылдык. Алар уруксат кагаздары бар экенин айтып, документтерин көргөзүштү.

"Мен өзүм көп жылдан бери пиротехникалык каражаттарды сатып иштейм. Сатууга тыюу салынарын укканбыз, бирок биз Мамлекеттик өрткө каршы кызматынан атайын уруксат кагаз алып иштеп жатабыз. Мындан сырткары мен атайын контейнердин ичинде отуруп соода кылам. Эч кандай кооптуулук жок. Мен бул товарлардын жарымын чек ара аркылуу Кытайдан алып келген компаниялардан сатып алам. Ал эми калганы өзүбүздө өндүрүлгөн. Учурда 150гө жакын түрүн сатып жатам", - деп билдирди соодагер Чынара Жумагулова.

Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинин башчысынын орун басары Нурлан Ташманбетов агенттик бир да соодагерге уруксат бербегенин айтты.

"Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция жардыргыч заттарды сатууга тыюу салып койгон. Биздин агенттик эч бир соодагерге азырынча уруксат бере элек. Эгерде шаардык башкармалык уруксат берип жатса, кандай негизде уруксат берилип жатканын тактайм", - деди Ташманбетов.

Сатуучулардын бири Нуржамал Элис кызы дагы уруксат кагазы бар экенин билдирди.

"Биз Жаңы жыл алдында гана пиротехникалык заттарды сатуу менен алектенебиз. Азыр менде жардыргыч заттардын 100дөн ашуун түрү бар. Бизге жакын тааныштарыбыз Кытайдан алып келип беришет. Алардын уруксат кагазы бар. Эгерде бизге текшерүү келсе, уруксат кагазыбызды көрсөтө алабыз", - дейт Нуржамал Элис кызы.

Эске салсак, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция 6-декабрда өлкө аймагында пиротехникалык каражаттарды сатууга жана колдонууга тыюу салып, саткандарга 50 миң сом айып салынарын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
azamat.k
2016-12-12 19:08:30
Мен дайыма ар жылда эле сатып келгем жана сата берем.Экотек инспекция деген неме тыю салган имиш салют саткандарга,кокустук коп болуп жатат деп.Ошондой эле кыйын экен бизге баарыбызга башка жакшынакай жумуш таап берсин анда.Аа эмнеге арак спирт ичимдиктерин тыйышбайт,ошол спирт ичимдиктеринен канчалаган омур кыйылып жатат.Колунан келген ишти кылышсын да экотек.
0
tyrgon
2016-12-12 22:46:12
azamat.k,кошулам
+1
maks94.kb
2016-12-12 20:42:01
Azamat.k созуно кошуламын албетте биринчи спирт ичимдигин сатууга тыюу салынсын
+1
bakaiBBBB
2016-12-13 00:28:06
Ушул даңгылдактардан эл деле жадап бутту албай эле коюшса экен соодаңарды
+1
alhamdulillah
2016-12-13 09:55:18
Бир жолу дан деп 1000асманга учуп кетет анын ордуна дан дедирбей эле 500,1000сомдуктарды асманга ыргыткыла терип алалы акчанар коп болом.
-1
ROZA-87
2016-12-13 11:18:12
alhamdulillah,чын эле асманга чачышса терип алмакпыздаааа.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан