Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, капиталдык оңдоодон кийин Иманалиев көчөсүнүн Түштүк магистралдан Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы бүгүн, 12-декабрда билдирди.
"Оңдолгон бөлүктүн узундугу 800 метр. Аба ырайынын сууктап кеткендигине байланыштуу ирригацияларды орнотуу жана тротуарларды оңдоо иштери токтотулду", - деп айтылат маалыматта.
Оңдоо иштери Кытай Эл Республикасы тарабынан берилген гранттык каражатка жүргүзүлдү. Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасындагы жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча кытайлык "China Road and Bridge Corpоration in Kyrgyzstan" корпорациясынын ортосунда кол коюлган келишимдин алкагында, жалпы узундугу 95 чакырым болгон калаанын 49 көчөсү жана 6 көпүрөсү, анын ичинде жаңы конуштардын жолдору оңдолот.
Бишкек шаарындагы көчө-жол тармагын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу максатында 2016-жылдын 2-сентябрында Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда кайтарымсыз негизде грант берүү келишимине кол коюлган.