КҮНСЕРЕП: Конституция 9-ирет өзгөртүлдү. Эми жашоо оңолобу?

Бүгүн, 12-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бийлик менен оппозициянын тирешүүсүн күчөткөн Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумдун алдын ала жыйынтыгына ылайык, ал көпчүлүктүн колдоосун тапты. Жалпы элдик добуш берүүгө 1 миллион 190 501 адам катышкан, бул жалпы шайлоочулардын 42 пайызга чукулун түзөт. Демек, добуш берүүгө укуктуу ар экинчи адам гана жарандык позициясын билдирип, милдетин аткарууга келген. Ошондой эле бул референдум добуш берүүчүлөрдүн катышуусу жагынан алганда, эң пассивдүү референдум катары эсте калат. Добуш берүүгө активдүү катышкан облустар Талас, Нарын жана Жалал-Абад болсо, пассивдүү катышкан аймактар Ош шаары, Чүй жана Ысык-Көл облусу болду. 2010-жылы Июнь окуясынан кийин өткөн жалпы элдик референдумда шайлоочулардын 72 пайызы катышкан. Пассивдүү көрсөткүч бул жолку референдумга биометрикалык маалыматын тапшырган шайлоочулар гана катышкандыгы менен да байланыштуу. Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдумга келген Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын 79,7 пайызы "макул", 15,4 пайызы "каршы" деп добуш беришти. Пайыздык ченде "макул" деп көп добуш берген аймак Ысык-Көл болсо, "каршы" деп добуш бергендердин көбү Бишкектин тургундары болду. Мындай көрсөткүч Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумга каршылык билдирген топтун үгүттөөсү борбор менен чектелгенин көрсөтөт.

9-ирет көйнөгүн алмаштыра турган Конституция өлкөнү жакынкы жылдар ичинде кандай нукка бурушу мүмкүн? Карапайым калктын көңүлүн буруп, ээрчиткен Баш мыйзамдын жаңы редакциясындагы өзгөртүү "үй-бүлө эркек менен эркектин же аял менен аялдын эмес, эркек менен аялдын никесинин негизинде түзүлөт" деген беренеде болду. Ал эми бийликти бөлүштүрүүгө келсек, премьер-министрдин бийлигин бекемдейт. Демек, ким президенттик тактыга келгенине карабай өлкөдөгү негизги бийликти парламентке көп добуш алып келген партия менен, ал партиянын атынан өкмөт башына келген адам жүргүзөт. Ошондуктан да жаңы Баш мыйзам кабыл алынган соң, Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы тарап, анын ордуна 2-3 партия гана шайланып келет деген сөздөр орун алууда. Парламенттин тарашы азырынча арсар, бирок анын бир өкүлү, Конституцияны мындай жол менен өзгөртүүгө каршы чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Жакупова 2017-жылдын 1-январында мандатын тапшырарын жарыялады. Эгерде Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн эрте шайлоо өтө турган болсо, анын ичинен 1 партия коалиция куроого жетиштүү мандат менен келсе, анда ошол 1 партия өкмөттү түзүп, бийликти колго алышын күтүүгө болот...

Референдум менен катар өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы президенттин божомолу менен төп келүүдө. Эске салсак, кечээ мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Бишкек шаардык кеңешине КСДП менен “Республика-Ата Журт” өтүшү мүмкүн деп айткан эле. Аталган эки партия Бишкекте гана эмес, 22 шаардык жана 389 айылдык кеңештин шайлоосунда эң көп мандат ала турган болуп жатат. Эң башкысына келсек, 14 партия ат салышкан Бишкек шаардык кеңешине КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” өттү. Бул 5 партиянын ичинен буга чейин элге кеңири таанылбаган “Мекеним Кыргызстан” 7 пайыздык босогодон ашып, сюрприз жаратты. Боршайкомдун 8-декабрдагы маалыматына ылайык, Бишкек шаардык кеңешине ат салышкан партиялардын арасынан “Республика-Ата Журт”, КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан” короткон акчасы боюнча алдыда. “Мекеним Кыргызстан” эң көп каражат сарптаган “Республика-Ата Журтка” салыштырмалуу 2 эсеге аз чыгым кылган. Жогорку Кеңештин VI чакырылышы “олигархтардын парламенти” деп аталгандай эле, Бишкек шаардык кеңешинин курамын да акча чечти. Мындай көрүнүштөн улам келе жаткан 2017-жылы президенттик шайлоодо да негизги чечүүчү күч идея, аракет эмес, акча болот деп күтүүгө болот. Жогоруда белгиленгендей, кечээ болуп өткөн шайлоодо лидерликти талашкан КСДП менен “Республика-Ата Журт” кийинки жылдагы шайлоодо деле биринчилик үчүн күрөшө турган болуп калышты...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан