Бишкекте 29 жаңы троллейбус иштей баштады

23-апрелде Бишкек шаарында 29 жаңы троллейбус ишке берилишине арналган салтанаттуу иш-чара болуп, ага мэр Иса Өмүркулов катышты. Орусиядан алынып келинген бул троллейбустардын 22си ЗИУ-682г-016 үлгүсүндө болсо, 7си 5298-01 үлгүсүндө. Бул троллейбустар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан алынган 10,1 миллион долларлык насыяга жана 5,5 миллион долларлык гранттын эсебинен алынды. Мэрия билдиргендей, быйыл жалпы 79 троллейбус сатып алуу пландалган. Алардын 34ү ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ылайыкталган. Тактап айтканда, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар отурган арабалардын бул коомдук унаага жайгашуусуна атайын шарттар түзүлгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан