Өзбекстанда Казакстандын жараны "диний экстремизмге үгүттөгөн материалдарды алып жүргөн" деп айыпталып, 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Өзбек сотунун өкүмүнө ылайык, Шымкент шаарынын 26 жаштагы тургуну Акмал Расулов Өзбекстандын аймагына диний мүнөздөгү материалдарды алып кирүүгө аракет кылган. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал материалдар Расуловдун телефонунан табылган. Айыпталуучунун туугандарынын айтымдарында, Ташкенттеги апелляциялык сот 6-декабрда өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды.
Үстүбүздөгү жылдын 28-июлунда ушундай эле айып менен Ташкент аба майданында Түштүк Казакстан облусунун Сайрам районунун тургуну Вохиджон Ниязов кармалган. Өткөн айда ал мунапыс боюнча бошотулуп, мекенине кайткан.
2012-жылдын мартында Казакстандын Ермек Космагамбетов аттуу жараны менен курбусу эс алуу үчүн бараткан маалда Өзбекстан чек арасында кармалышкан. Өзбек атайын кызматтары анын компьютеринен кандайдыр бир материалдар табылганын билдирип, кийин аларды "экстремисттик мүнөздөгү материалдар" деп аташкан. Бир канча айдан кийин Ташкентте сот аны экстремизмге айыптап, 5 жылга эркинен ажыраткан.