Самарканд шаарынан Бишкекке өтүк тигип иштегени келген майып жигит кайыр сурап калды. Ал мындай абалга кантип туш болгонун SUPER.KG порталына айтып берди. "Самаркандда жашаймын. Жакындарымдан Бишкекте өтүк тигип иштесе жакшы акча табат деп уккан элем. Мындан улам Бишкекке келгениме 10 күн болду. Азыраак акча менен келгем. Бул жакта бут кийим тигип, оңдоо үчүн материалдар кымбат экен. Акчам жетпей калды. Кайыр сурап, кайра кетүүгө аргасызмын", - деп билдирди ал.
Акылбек Исламов Өзбек Республикасынын Самарканд облусунун тургуну. Ал учурда 32 жашта. 3 жыл мурда эки буту кыймылдабай, баспай калган. Ал азыр балдактын жардамы менен басып жүрөт. Анын 3 баласы бар. Улуусу 9 жашта, кичүүсү 1 айлык.
"29 жашымда атамдын кан басымы көтөрүлүп, оор абалга кабылды. Ал учурда атамды кучактап ыйлап отуруп калдым. Дарыгерлер келгенче кучагымда дүйнө салып кетти. Жакын адамымды жоготуу мага аябай катуу тийди. Өзүмдү кармана албай катуу ыйладым. Эсимди жоготуп, ооруканага алып барышыптыр. Дарыгерлердин айтымында, катуу коркуп калган экенмин. Нервиме доо кеткендиктен, эки бутум тең иштебей калды. Эми минтип 3 жылдан бери өз алдымча баса албай жүрөм. Дарыланууга каражат жок", - деп кошумчалады Исламов.
3 баласын багуу үчүн майып болсо да жер кыдырып, иш издеп жүргөн Акылбек "Ош базарынын" айланасындагы үйлөрдүн бирин ижарага алып жашап жатат. Ал күн сайын үйдүн ижара акысына 100 сом төлөйт. 5-10 миң сомго жакын акча тапса мекенине кайра кетерин айтты.
"Күн көтөрүлүп, сууктун мизи кайтканда адамдар көп өтчү жерге чыгып, муздак ташта отуруп кайыр сурайм. Эл арасында жакшы адамдар көп экен. Ары-бери өткөндөр тыйын таштап жатат. Айрым учурларда 300 сомдон 500 сомго чейин акча чогулуп калат. Эми жол кирем топтолуп калса, балдарыма таттуу, азык-түлүк алып кетем", - дейт кайыр сураган каарманыбыз.