Бишкек-Ош унаа жолунда 220 000 метр куб кар көчкү атылып түшүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкек-Ош унаа жолунун 231-246-250-чакырымдарында атайын кар көчкү түшүрүү иштери жүргүзүлгөн. Жалпысынан 24 даана артиллериялык снаряд атылды. Кар көчкүлөрдү атайын атып түшүрүү бүгүн, 13-декабрда жыйынтыкталат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эскерте кетсек, Бишкек-Ош унаа жолунда коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө максатында 2016-жылдын 10-декабрында артиллериялык куралды колдонуп кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иштери башталган.