Караколдуктар чет өлкөлүк жарандар үчүн 5 күн ичинде каттоодон өтүү милдетин жоюуну талап кылышты

Караколдуктар чет өлкөлүк жарандар үчүн 5 күн ичинде каттоодон өтүү милдетин жоюуну талап кылышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Каракол шаардык кеңешинин депутаты Азамат Айтбаев бүгүн, 13-декабрда билдирди.

4-ноябрда Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция" мыйзамына киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, чет элдиктер өлкө аймагына кирген соң 5 күн ичинде каттоодон милдеттүү түрдө өтүшү керек. Бул түзөтүү көптөгөн чет өлкөлүктөргө ыңгайсыздык жана нааразычылык жаратты. Себеби каттоодон өтүү үчүн алар убактылуу токтогон жайынын, анын ээсинин, өзүнүн документтерин паспорттук столго ала келип, каттоого 100 сом, банктык тейлөөгө 20 сом төлөшү керек. Бул процесс чет элдик эс алуучулардын убактысын алат.

11-ноябрда Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бул милдетти жокко чыгарууну сунуштаганы менен, азыркыга чейин сунуш карала элек.

Бул маселеге байланыштуу Каракол шаарынын тургундары президент Алмазбек Атамбаевге, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасашты.

"Милдеттүү түрдө каттоодон өтүү мыйзамын жокко чыгарууну талап кылабыз. Мыйзам Кыргыз өлкөсүнүн жана туризм тармагынын өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып жатат. Башка өлкөлөр туристтердин келишине шарт түзүшсө, биз кайра артка кетип жатабыз. Шаардын тургундарынын көпчүлүгү туристтик сезондо каражат табышат, туристтер убактысын каяктагы бюрократиялык нерселерге короткусу келбейт. Бул мыйзам укук коргоо органдарында коррупциянын өсүшүн шарттап жатат", - дешет видеодо тургундар.

Азамат Айтбаевдин айтымында, шаарда чет өлкөдөн келген туристтер жокко эсе. Мейманканалар, конок үйлөр учурда бош экенин айтат ал.
"Эс алуучулар бир гана Бишкектен келип жатышат. Каракол шаарында болжол менен 350 конок үйү, 1 мамлекеттик мейманкана бар. Конок үйлөрдүн, туристтик компаниялардын жетекчилери менен байланышсам, туристтер жок болуп жатканын айтышты. Бул маалда туристтердин агымы былтыр көп болчу", - дейт Айтбаев.
КРнын Президентине жана ЖКнын депутаттарына кайрылуу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kroxa
2016-12-13 16:22:01
Туура кереги жок катоонун,, аларды каттоого алып 120 сомдон депутаттарга эле пайда карапайым элге тоскоол болуп...
0
Khabib
2016-12-13 17:34:57
ойлонгула Кыргызым керек болсо мажбур болушат 5 кундун ичинде каттого турсун дегенге кошулам баардык эле жерде ушундай эмнеге бизге келип катоосу узака же кылбай журуш керек бул жерде чондор тура кылды Кыргызстаныма ишенем кандай кун болбосун туристер баари бир келет анткени арзанчылык мамлекетти сыйлаш керек кабыл алынган законго карышы чыкпашыбыз керек катту эле текшериш кере мен бул 100 адам озунун кызыкчылыгын ойлоп жатат Бут Кыргыз калкын ойлош керек туугандар ошон усун кандай болгон кундо
+2
Khabib
2016-12-13 17:39:09
5 кундун ичинде каттоого туруш керек озубуздун законду озубуз сыйлабасак анда эчким тоготпойт бизди коруп жатасынар кытайлар турктор келип алып эмнелерди гана кылбайтат ошо тоготпогону да катоо болуш керек каттуу режимде
0
Khabib
2016-12-13 17:50:34
Айласы жок келишет бизге баари бир анткени бизде 2 3 эсе арзан катто кылсак 2 жактан акча тушот элге да маммилекетке да каттоо кылынсын демекчимин
0
Aldyiar
2016-12-13 22:00:17
Ушул бийлик тойгозду КЫРГЫЗ ЭЛИН мен озумдун билдируу созум менен кечээги откон реферемдум кимге кереги бар аа мен озум эмес жаным дагы жашаган кыргыздар эч кими барган жок ошол Москвадагы посолствага жана баргысыда келбейт. Бийликтен ар бир адамдын конулу калаган ХХХ алар оздорунун курсагын ойлошот. Кечээ эле Москва шаарында кыргыздардын посолу озубуздун кыргыз жигиттерди сатып салыштыго аа ошол жакшыбы колунан келбесе жумушу анда местаны бошотсун башка адамга ХХХ
+1
Aldyiar
2016-12-13 22:05:46
азыркы кезде Москва шаарында жаныгы эле ХХХ олтурат мындайча айтканда чалдар жашы барып калган оздорунчо деловой ХХХ коргон козум жок ушул ХХХ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан