Бүгүн, 23-апрелде Норвегиянын Кыргызстандагы элчиси Оле Йохан Бёрн жана Испаниянын Кыргызстандагы элчиси Мануэль Ларротча Парада Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар мындан ары дагы кыргыз-норвегия жана кыргыз-испан кызматташтыгын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.