Ош шаарындагы дүкөндөрдүн бирин тоноого аракет кылган эки өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 8-декабрь күнү саат 04:50 чамасында милиция кызматкерлерине Ош шаарынын тургуну кайрылып, белгисиз адамдар тоноо максатында "Цифровик" дүкөнүнүн эшигин ачып жатышканын айткан. Бул боюнча ыкчам көрүлгөн иштердин негизинде дүкөндүн кулпусун бузуп жаткан жеринен Ноокат районунун 2000-жылы туулган З.А. жана Кара-Суу районунун 1999-жылы туулган Б.З. аттуу тургундары кармалышкан. Учурда алардын мындан башка дагы ушул сыяктуу фактыларга тиешеси бар же жогу такталууда.