Жогорку Кеңештин комитети жаңы Бажы кодексинин долбоорун кароону артка жылдырды. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин 13-декабрдагы жыйынында Бажы кызматы тарабынан аталган кодекстин долбоору кароого сунушталып, бирок депутаттар документти бүгүн гана алышканын, таанышып чыгууга убакыт керектигин айтып баш тартышты. Бажы кызматынын өкүлү 26-декабрда Орусияда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны өтөрүн, жаңы Бажы кодексинин долбоорун тез арада кароо зарылдыгын айтты.
Документ бир аптадан кийин каралат.