ЖЫЛНААМА, 13-ДЕКАБРЬ: 968 жыл мурун Орто Азиядан чыккан улуу ойчул, окумуштуу-энциклопедиячы Аль-Бируни көз жумган

968 жыл мурун, 1048-жылы 13-декабрда Орто Азиядан чыккан улуу ойчул, окумуштуу-энциклопедиячы Аль-Бируни көз жумган. Ал Хорезмдин борбору Кят шаарында 973-жылы жарык дүйнөгө келген. Толук аты-жөнү Абу Рейхан Мухаммед ибн Ахмед аль-Бируни болгон.

Окумуштуунун ата-теги тууралуу маалымат жок. Айрым булактарга караганда, Бируни өзүнүн ырларынын биринде чоң атасы жана теги жөнүндө эч нерсе билбегендигин, ал тургай атасын тааныбагандыгын айтып өткөн. Бирунинин кайсы улуттан экендиги да так белгилүү эмес.
Ойчул өз доорунун шарт-талабына жараша илимий эмгектерин араб тилинде жаратып, илим дүйнөсүнө араб тили аркылуу из салган. Андан сырткары грек, байыркы еврей, Сирия, фарсы, түрк тилдерин билген жана санскрит тилин да өздөштүргөн.

Бируни астрономия, математика, физика, медицина, география, тарых илимдерин мыкты өздөштүрүп, бул багыттар боюнча жүз элүүдөн ашуун илимий эмгек жараткан.

Анын «Жылдыздар илими», «Маасудийдин мыйзамы», «Геодезия» аттуу китептери астрономияга арналып, аларда Күн, Ай жана планеталарга тиешелүү маалыматтар берилген. Бируни планеталардан Меркурий менен Венеранын Күндөн алыс кетпегенин аныктаган жана ушунун негизинде бул эки планета күндүн айланасында айланат деген жыйынтыкка келген. Ойчул асмандын кыймылы Жердин өз огу айланасында айлануусунун натыйжасы болуп саналат деп баса белгилеген.

Бируни тарых илими боюнча жазган «Өткөн доорлордон калган эстеликтер» деген эмгегинде бир канча чыгыш элдеринин арабдарга чейинки өнүккөн маданиятынан кабардар кылган маанилүү маалыматтарды берген.

Айтылуу дарыгер Ибн Сина Бирунинин замандашы болгон. Эки аалым мейкиндик, кыймыл, дүйнөнүн түзүлүшү, асман телолорунун формалары, боштук, нерселердин өзгөрмөлүүлүгү, бөтөн дүйнөдөгү жашоо, атомдордун бөлүнүшү өңдүү маселелер жөнүндө жазуу жүзүндө өз ара талкуу жүргүзүшкөн.

13-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан