Кыргыз-казак чек арасындагы "Кең-Булуң унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайы убактылуу жабылды

Кыргыз-казак чек арасындагы "Кең-Булуң унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайы убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Бүгүн Казакстандын "Аухатты" көзөмөл-өткөрүү жайындагы көмөк чордондордо регламенттик иштер жүрөт. Мындан улам Кыргыз Республикасындагы "Кең-Булуң унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайы саат 11:30дан 13:30га чейин убактылуу жабылат.

Ал эми эртең Казакстандын "Кордай" көзөмөл-өткөрүү жайында да көмөк чордондордо регламенттик иштер жүрөт. Мындан улам саат 11:30дан 13:30га чейин "Ак-Жол унаа жолу" өткөрүү жайы убактылуу жабык болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан