Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 13-декабрда башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды.
Мамлекет башчыга 11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумда катталган мыйзам бузууларга көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле Жолдубаева мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө жана андай фактыларга өз убагында чара көрүү үчүн тийиштүү мыйзамдарынын так сакталышын көзөмөлдөө күчөтүлгөнүн айтты.
Алмазбек Атамбаев тартипти жана мыйзамдуулукту бекемдөө боюнча ишти активдештирүү зарылдыгын белгилеп, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү тапшырмасын бергенин билдирди президенттик аппараттын маалымат кызматы.