Жоомарт Оторбаев Нью-Йорк шаарында өткөн жогорку деңгээлдеги экономикалык жана социалдык кеңештин жыйынына катышты

22-апрелде Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун жогорку деңгээлдеги экономикалык жана социалдык кеңешинин жыйынына КРнын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев катышты. Анда Оторбаев “Дүйнөлүк каржылык жана экономикалык каатчылыктан кийинки абал жана келечек” аттуу темада баяндама жасап, жаңы каржылык экономикалык каатчылыктардын алдын алуу мүмкүнчүлүктөрү жана дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсү тууралуу маселелерди козгоду. Ошондой эле ал Кыргызстанда 2013-2017-жылдар аралыгында туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясы кабыл алынгандыгын маалымдады. Бул стратегия БУУнун 2012-жылы июнь айында Рио-де-Жанейро шаарында туруктуу өнүгүү боюнча өткөн конференциядагы келишимдерге ылайык келет. Мындай иш-аракеттер өз жыйынтыгын берип, өлкөнүн экономикалык өсүүсү үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында 7,6 пайызга өскөндүгүн кошумчалады Оторбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан