БУУнун жаңы башкы катчысы Антониу Гутерреш ант берди

Кечээ, 12-декабрда Антониу Гутерреш Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы катары ант берди. Бул тууралуу БУУнун расмий сайтында жарыяланган. Эскерте кетсек, буга чейин бул кызматты Пан Ги Мун ээлеп келген.

Салтанат бүткүл дүйнөлүк уюмдун Башкы ассамблеясынын жыйынында болгон. БУУнун Башкы ассамблеясы үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Антониу Гутеррешти уюмдун башкы катчысынын кызматына бекиткен. Эми ал кызматын 2017-жылдын 1-январдан тарта аткара баштайт.

Ал өз сөзүндө БУУнун терроризмге каршы иш-аракетин карап чыгып, жаңы тагыраак механизм жасаарын айткан. Ошондой эле гендердик теңдикти камсыздап, жаштардын укугун коргомокчу.

Ал шайланган соң бир нече борбор шаарларды кыдырып чыккан, анын ичинде Лондон, Париж, Пекин, Вашингтон, Москва да бар.

Гутерреш 1995-2002-жылдары Португалиянын премьер-министри, 2005-2015-жылдары БУУнун качкындардын иштери боюнча жогорку комиссары болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан