2001-жылдын 11-сентябрындагы Нью-Йорктогу террордук актыдан кийин АКШнын ошол кездеги президенти Жорж Буш Ирак президенти Саддам террористтик топтор менен кызматташканы үчүн аны жок кылуу керек деген чечим кабыл алган. 2003-жылдын 20-мартында Орусия, Кытай, Германия, Франция сыяктуу өлкөлөр каршы турганына карабастан, АКШ баш болгон Англия, Австралия жана Түркия мамлекеттери "массалык кыргын салуучу курал бар" дешип Иракка кол салып киришкен. Көп өтпөй кыргын салуучу куралдын Иракта жок экенин АКШ бийлиги моюнуна алган.
9-апрелде Багдад баскынчылар тарабынан басылып алынып, Саддам Хусейндин бийлиги кулатылган. 22-июлда АКШнын аскерлери Саддамдын уулдары Удай менен Кусайды табышып, аткылап өлтүрүшкөн. Анын жубайы менен кыздары Сирияда баш калкалап, ошол өлкөдө жашап жатканы белгилүү болгон. Саддамдын жан жөкөрлөрү колго түшсө да, диктатордун карааны көпкө чейин табылбай калган. Америкалыктар анын дарегин айткан адамга 25 миллион доллар сыйлык берерин жар салганда өзүнүн аталаш тууганы Саддамдын кайда экенин айтып койгон.
2003-жылдын 13-декабрында АКШ аскерлери Ирактын экс-президентин өзү туулган айылдагы фермалардын бириндеги түбү терең казылган жер кепеден таап чыгышкан. Колго түшкөн экс-диктатордун алгачкы соту 2004-жылдын 1-июлунда башталган. Мурда алынып салынган өлүм жазасы Саддам Хусейнге колдонуу үчүн кайра киргизилип, 30-декабрда экс-диктатор дарга асылып, эртеси күнү өзү төрөлгөн кыштактагы балдары жаткан мүрзөгө денеси коюлган.
13-декабрга карата жылнаама.