Бишкек менен Оштогу 10 миңден ашуун видеобайкоочу камера быйыл 37 кылмыштын бетин ачууга жардам берди

Бишкек шаарынын аймагында 9701, Ош шаарында 621 видеобайкоочу камера орнотулган. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында ИИМдин башчысынын орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылдын 10 айынын ичинде бул видеокамералардын жардамы менен 37 кылмыштын бетин ачылды. "Бети ачылган кылмыштардын ичине зордуктоолор, тоноолор жана уурдоолор кирет", - деди Орозалиев.

Айта кетсек, аталган комитеттин жыйынында "Сырткы видеобайкоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралууда. Ага ылайык, республикадагы бардык сырткы видеобайкоочу камералардагы жазуулар бирдиктүү серверге киргизилүүгө тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
abusait
2016-12-13 14:55:47
Демек бул пайдалуу . Санын кобойтуш керек 1миллионго чейин.
0
Bek_Kazan
2016-12-13 15:32:11
Жолдоргода койсо болот айдочулар абайлап айдап калышат эле
+2
Kroxa
2016-12-13 16:32:44
Жолдорго койулган Караколдо бирок иштейби же жон эле койгон коркутуу учун деп да айтышат ким билет иштесе сонун болмок кылмыштар ачылмак далай...
-1
semo
2016-12-13 18:23:12
Кайактагы жок нерселерге акчаны коротпой ушуга окшогон камераларды кобойтүш керек өзүн өзү актайт кылмыштуулук азаят
+2
Truelensk
2016-12-13 19:08:32
Дагы эле аз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан