ЖЫЛНААМА, 13-ДЕКАБРЬ: 2 кылым мурун "Siemens" фирмасын негиздеген немис инженери Вернер фон Сименс төрөлгөн

2 кылым мурун "Siemens" фирмасын негиздеген немис инженери Вернер фон Сименс төрөлгөн. Ал 1816-жылы 13-декабрда Германиянын Ганновер шаарына жакын жайгашкан аймакта жарык дүйнөгө келген. Гимназияны бүтүргөн соң Магдебург шаарындагы артиллериялык инженердик окуу жайга тапшырган.

Окумуштуу 1847-жылы Иоганн Гальске менен "Telegraphenbauanstalt Siemens & Halske" деген аталыштагы телеграфтык-курулуш фирмасын негиздеген. Аталган ишкана Германиядагы жана Орусиядагы биринчи телеграф линиясын кургандыгы менен белгилүү.

1860-жылы окумуштууга "Философиянын ардактуу доктору" наамы берилген. 8 жылдан соң Сименстин фирмасы Кавказ аркылуу өткөн индоевропалык телеграф линиясын кура баштайт.

Мындан тышкары ойлоп табуучу электротехниканы иштеп чыгуу менен алектенип, 1867-жылы динамо-унааны ойлоп тапкан. 3 жылдан кийин анын фирмасы Атлантика океаны аркылуу өтүүчү, Ирландия менен АКШны байланыштырган телеграф линиясын ачкан.

Германияга телефон келгенде, "Telegraphenbauanstalt Siemens & Halske" фирмасы Берлиндеги алгачкы телефон станциясын куруп, трубкаларды чыгара баштаган. Андан тышкары аталган фирма дүйнөдөгү алгачкы электр темир жолун, электр лифтин жана Берлиндеги трамвай линиясын курган.

Вернер фон Сименс 1892-жылы 6-декабрда Германиянын Шарлоттенбург шаарында көз жумган.

13-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mambo-1984
2016-12-13 16:33:19
ушул Сименс деген соткалар бар эле азыр ушул фирма эмне болду экен
0
Truelensk
2016-12-13 19:07:44
mambo-1984,бар бирок андроид эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан