Өзбекстанда кыздарды сексуалдык кулчулукка сатууну уюштурган жаран 5 жылга эркинен ажыратылды

Өзбекстанда кыздарды сексуалдык кулчулукка сатууну уюштурган жаран эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда өзбекстандык маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Бекабад облусунун туругуну 24 жаштагы Елена Орлова "ресторанда айлык маянасы жогору иш бар" деп алдап, кыздарды Казакстанга жөнөтүп жүргөн. Өзбекстандан жөнөтүлгөн кыздарды ал жакта Регина аттуу кыз тосуп алып турган. Елена Орлова ар бир жиберген кыз үчүн 400 АКШ долларын алып турганы айтылат маалыматта. Ал эми сатылган кыздар ал жакта сауналарда иштешчү.

Маалым болгондой, Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы Орлованы кыздардын дагы бир тобун Казакстанга жиберүү аракетин жасап жатканда кармап, адам сатуу боюнча кылмыш ишин козгогон. Жергиликтүү сот "адам сатуу" беренесине ылайык, Орлованы 5 жылга эркинен ажыраткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Edik_86
2016-12-13 18:00:32
жок дегенде 20 жыл га камаса болмок беш жыл ото ле аз да
+3
KGstan1981
2016-12-13 18:24:30
Edik_86,Бизде ошондой кыздарды саткан сутенершалар 5 жылга камалды дегенди уктун беле мен укккам жок.Биздин сотторго Бенджамен Франклендин жашыл тустогу он чакты суротун корсотсон эле коюп жиберишет.
+3
Bishkek.001
2016-12-13 19:19:23
Өзүн жөнөтүп жибериш керек эледп
+4
Usow
2016-12-13 19:24:53
озу эчак эле андай иштин нечесин откоргон деп ойлоймун
+3
abusait
2016-12-13 20:48:11
Биздин соттор да улгу алса болмок экен. Канчалаган кыз келиндер казазахстанда , туркияда кул болуп журушот.
+1
Mirzohidjon
2016-12-13 22:40:32
Акыр заман жакындап маалымат ото кобойуп кетти, таң калганга успеть кылбай жатам. 10-15 жыл мурда Кытайга Эшек экспортойбуз десе 2 жыл таң калат болчубуз. Азыр секунд сайын жаңылык окуйсун,мээ дагы эс алыш керек да
+3
kenjebek_a
2016-12-13 23:54:34
Биздин чондор ал жонундо ойлонбойт. Ал турсун бир сакалын ортонгур мурунку саясатчыбыз,кочмондор оюнунда тоо чечмей оюнун коргозуш керек депалжыган эле.Ошол аксакалдын кызын же небере кызын тоо чечмейге чыгарыш керек эле.Анан кайдагы беш жыл.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан