СУПЕРСТАН: "Кызганыч чектен ашса, ажырашууга алып келет"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кызганыч жөнүндө..." деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Кызгануу - бул адамга жаратылыштан берилген сезим. Ошол эле учурда бул эң жаман адат. Пендебиз да, баарыбыз кызганчаакпыз. Кээ бирөө айтат экен, "мен такыр эле кызганбайм" деп. Адам сүйгөн адамын же жакшы көргөн нерсесин сөзсүз түрдө кызганат".

"Кызганыч сезими ар бир адамда эле болот. Эки жаштын бири-бирин кызгануусу мыйзам ченемдүү эле көрүнүш".

"Мен аябай кызганчаакмын да. Өзүмдөн өзүм деле кызгана берем, бирок кызганыч көп учурда мамиленин суушуна алып келерин түшүндүм".

"Бул жашоодо бир гана чочко кызганбайт дешет го, ошол себептен кызгануу туура деп ойлойм, бирок чегинен чыкпаш керек. Кызганыч аркылуу адамдын канчалык өзүмчүл экенин да билсе болот".

"Менимче, кызганыч ишеним жок жерде жаралат. Баары бир ишеним кызганычтан бийик жана пайдалуу".

"Кызганыч чектен ашса, урушка же ажырашууга алып келет. Билгизбей кызгангандарды баалайм".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dima85z
2016-12-13 17:10:52
Ооба жаман бирок кантип кызганбайсын ишеналбай кумон санагандарын болсо ишеним дейбиз бирок ар бир адамдын алсыз жактары болот бул сезимди тушунуу ото оор менимче
+2
Magusi
2016-12-13 18:46:17
Менда кызганчакмын..Озуно жаккан адамын болсо кызганбай анан не кылмак элек.
+3
Zynk.kg
2016-12-13 20:42:52
Аялын кызганбаган эркек бейишке кирбейт деген соз бар Куранда.
-1
Atas
2016-12-14 01:16:55
Zynk.kg,туура айтасың тоолугу менен кошулабыз
+1
Aima94
2016-12-14 12:19:08
Мен кызганам бирок ичимен. Сыртыман билгизбейм. Бирок бала учун кызганып мамилеми бузбайм достор арасында. Суйсом кату суйуп калып кызганбасам эле билбейм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан