Жарандары 5 күндүк каттоо мөөнөтүнөн бошотулган өлкөлөрдүн тизмеси 2016-жылдын 19-декабрында бекитилет. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда өкмөттөн кабарлады.
Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 24-октябрында "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, документ 2016-жылдын 5-ноябрында күчүнө кирген. Ага ылайык, өлкөдө 5 күндөн ашык жүргөн чет өлкөлүктөр милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек болчу.
Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан 90 өлкөнүн жарандарына өлкөдө 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүүгө уруксат берүү боюнча токтом сунушталган, учурда ал коомдук талкууда. Аталган токтом менен Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок жактар тийиштүү мамлекеттик органдарда келген жери боюнча катталуудан бошотулат.
Бул 90 өлкөнүн жарандарына "визасыз режим" жөнүндө мыйзамдын нормалары иштейт.