3 жыл мурун Египетте соңку 122 жылдан бери боло элек суук катталган. 2013-жылы 13-декабрда Египетте абанын температурасы -7 градуска чейин төмөндөп кеткен.
Өлкөнүн айрым райондорунда жана Каирде көнөктөп жааган жамгырдан улам унаа тыгындары көбөйүп, ал эми метеорологдор жергиликтүү тургундарга сыртка чыкпоону эскертишкен. Ошондой эле айрым аймактарда шамалдын ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен. Эң оор кырдаал Египеттин Жер Ортолук деңизине жакын жайгашкан аймактарында катталып, Шарм-эш-Шейхтеги порттор жабылган. Ошондой эле Марс-Матрухеде балыкчылардын кемеси чөгүп, алардын баары куткаруучулардын жардамы аркылуу аман калышкан.
Адатта Египетте декабрь айындагы аба ырайынын температурасы күндүз +21, +24 градусту түзсө, түнкүсүн +12 градуска жетет.
13-декабрга карата жылнаама.