2015-жылы Малайзиядагы элчилик уюштурган сынактын жеңүүчүлөрүнүн бири Мари Раимбекова балдар үйүндө сынак уюштурууда

2015-жылы Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ЖМКлар менен биргеликте "Мен Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм" деген темада жалпы республикалык дил баяндар сынагын уюштурган. Сынакта Чүй облусу боюнча 9-класстын окуучусу Мари Раимбекова жеңүүчү болуп табылып, башка облус жана шаарлар боюнча жеңүүчүлөр менен биргеликте Малайзияга барып, өлкөнү кыдырып таанышып кайткан.

Сынактан жакшы таасир, тажрыйба алган окуучу эми өзү сынак өткөрмөкчү. Анын айтымында, Малайзияга болгон саякат ага өзгөчө таасир берип, ошол кездеги элчинин иш-аракети алганды гана эмес, бергенди да үйрөткөн.

"Малайзиядагы элчилик түзгөн программа бизди Малайзияда эриктирген жок. Ошол кездеги элчи Кылычбек Султанов бизге жакшы көз ирмемдерден тышкары кадимки адамдык бакыт тартуулады. Биздин саякатыбыздын кызыктуу өтүшү үчүн эч нерсе аяган жок. Аны көрүп, мен алып гана тим болбостон, берүү керектигин да түшүндүм. Ошондон кийин бергенге мүмкүнчүлүк жаралса, эч нерсе аябайм деп өзүмө сөз бергем", - дейт Мари Раимбекова.

Мари Раимбекова учурда балдар үйүндө сынак өткөрүүгө демөөрчүлөрдү таап, камданып жатканын айтып, алгач ал тренингдерге катышып, андан соң дебаттык турнирден акчалай сыйлык утуп алганын кошумчалады.

"Дебаттык турнирдин байге фонду 2100 сом болчу. Турнирде утуп алган сумманы командалашым менен бөлүшүп алдык. Коомдук унаага түштүм, колумда 1050 сом бар болчу. Албетте, кофтанын карасын алсамбы же көгүн алсамбы деген суроо жаралышы мүмкүн болчу. Бирок баягы сөзүм эсиме түшүп, аны аткаруу идеясы келди. Балдар үйүндө дил баян сынагын уюштуруп, утуп алган каражатты жеңүүчүлөрдүн байгелерине коротууну чечтим. Бул идеянын негизги өзгөчөлүгү - балдар үйүндөгү тарбиялануучулар байгелерди кайрымдуулук же боор ооругандыктын негизинде эмес, өздөрүнүн эмгеги жана фантазиясы менен алышат. Менин ойго келбеген идеяларымды ата-энем колдоп, бул ишке жаңылык киргизүүнү сунушташты. Бул долбоорумду Zanoza.kg жана “Супер-Инфонун” жетекчилери Дина Маслова жана Шайиста Шатмановага тааныштырдым. Өз кезегинде алар чагылдыруу жагынан колдоо көрсөтүшөрүн, кошумча белектер менен камсыздап, майрамдык концерт уюштуруп беришерин билдиришти. Алардын жардамы менен "Раритет" китеп дүкөнү кызматташууга, балдарга китеп бөлүп берүүгө макул болду", - дейт жеңүүчү.

Сынак Алексей Петрушевский жетектеген балдар үйүндө өткөрүлмөкчү. Анда катышуучулар 3 топко бөлүнөт:

● 11-12 жаш;
● 13-14 жаш;
● 15-16 жаш;

Ар бир категориядан үчтөн жеңүүчү тандалат. Балдар үчүн жалгыз бир талап - кыргыз же орус тилинде "Бир жолу Жаңы жыл алдында..." деген темага дил баян жазып, жетекчилерине өткөрүп берүү. Сынакта 1-орунду алган балдар флешка, наушниги бар mp3 менен сыйланышат. 2-орундун жеңүүчүлөрү фантастика жанрындагы жаңы китептерге ээ болушса, 3-орунду алгандар шоколад менен сыйланышат.

"Бир нече мүнөт мурун сиз менин "Бир жолу Жаңы жыл алдында..." дил баянымдын кичинекей версиясын окудуңуз. Мүмкүнчүлүк менен ийгилик мага тажрыйбага жаңы эшик ачканына кубанычтамын", - деп жыйынтыктайт өз баянын Мари Раимбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
anipa11
2016-12-14 00:17:26
Азаматсын!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан