Кыргызстанда бруцеллёз илдети менен ооругандардын саны азаюуда

Кыргызстанда 2013-жылдын 1-кварталында бруцеллёз илдети менен ооругандардын саны өткөн жылдын ушул убагына салыштырмалуу азайды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, учурда бруцеллёздун курч түрү менен ооруган 282 адам катталса, былтыр 447 учур катталган. Оору Нарын жана Талас облустарынан тышкары бардык облустарда азайган. Ал эми 14 жашка чейинки балдар арасында быйыл 21 адам аталган дартка чалдыкса,  2012-жылы оорулуулардын саны 30 адамды түзгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан