Бишкекте акын Турар Кожомбердиевдин 75 жылдыгына карата эскерүү кечеси өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда SUPER.KG порталына кечени уюштуруучу комитеттин мүчөсү Гүлмира Үмөталиева билдирди.
"Акындын басып өткөн жолун, анын чыгармаларын даңазалоо жана кийинки муунга тарбиялык мааниси терең чыгармаларын жеткирүү максатында эскерүү кечесин уюштуруп жатабыз. Иш-чаранын жүрүшүндө акындын ырлары көркөм окулуп, талкууга алынат. Кечеге акындын замандаштары, калемдештери жана журналисттер, ошондой эле адабият сүйүүчүлөрү катышса болот", - деп билдирди Үмөталиева.
Маалыматка ылайык, акынды эскерүү салтанаты 16-декабрда Улуттук филармонияда өткөрүлөт.
Турар Кожомбердиевге "Кызыл алма" жана "Таңкы симфония" аттуу ырлар жыйнагы үчүн республиканын Ленин комсомолу сыйлыгы ыйгарылган. Анын алгачкы ырлар жыйнагы 1961-жылы "Көлчүктөгү ай" деген ат менен жарык көргөн. Кожомбердиевдин айрым ырлары орус, украин, казак, беларусь, молдова, азербайжан, литва, латыш, өзбек, татар, хакас жана француз, англис тилдерине которулган.
Акын 1989-жылы 48 жашында дүйнө салган.