Бүгүн, 13-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Быйыл 37 кылмыштын бетин ачууга Бишкек жана Ош шаарларындагы көчөгө коюлган видеокамералардын жардамы тийди. Бул маалымат бүгүн Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жыйынында ИИМдин өкүлдөрү тарабынан жетишкендик катары айтылды. Бүгүнкү күндө борбор шаардын аймагында 9701, Ош шаарында 621 видеокамера иштеп жатат. Күн сайын ондогон кылмыш катталган ири шаарлар үчүн 37 деген сан азыраак болушу мүмкүн, бирок видеокамералар менен шаар толук жабдылса жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү түйшүгүн кыйла жеңилдетери турган иш.
Көчөлөрдү видеокөзөмөл менен камсыз кылуу маселеси биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. Бишкекти кучагына алуучу "Коопсуз шаар" долбоору 4 жылдан бери көп талкуу, чыр, териштирүүлөр менен коштолуп, ишке ашпай келет. Алгачкы аракет 2012-жылы башталып, Бишкекти коопсуз шаарга айлантуучу компанияны тандоодо тендер боюнча талаш жаралып, иш жарым жолдон үзгүлтүккө учураган. Тендерден "Стилсофт Бишкек" кыргыз-орус компаниясы жеңип чыкканы менен, тендерлерди өткөрүүдө кызыкчылыктар кагылышы орун алганы айтылып, жыйынтык жокко чыгарылган. Тендерден уткан компания менен келишим түзүүгө ошол кездеги ички иштер министри Мелис Турганбаев каршы болгон эле. Турганбаев: “Биз бюджеттен бир тыйын албай туруп, бул долбоорду жайылтуу менен жол кыймылындагы эреже бузуулардан түшкөн айып пулдун эсебинен аны этап-этабы менен ишке ашырууга бел байладык", - деп реалдуулукка караганда популизмге жакын оюн айткан. Андан бери ИИМ башчылары эки ирет алмашты, “Коопсуз шаар” долбоору боюнча конкреттүү жыйынтык көрүнбөй, шайлоолордо саясий партиялар, кызматка дайындалар алдында премьер-министрликке же ИИМ башчылыгына талапкерлер бетке кармай турган долбоорго айланды. 11-декабрда Бишкек шаардык кеңешине өткөн партиялар да Бишкекти коопсуз кылабыз деп убада беришти. Ишке ашабы же трибуналарда калабы, убакыт көрсөтөт...
"The Guardian", "Euronews", "Al Jazeera" өңдүү дүйнөлүк массалык маалымат каражаттары аркылуу берилген макалалар жана сюжеттерден улам Кыргыз жергесин көрүүнү эңсеп келген чет өлкөлүктөр ыңгайсыз абалга туш болушууда. Быйыл октябрда Жогорку Кеңеш Кыргыз мамлекетинин босогосун аттаган чет элдиктер (орусиялыктардан тышкары) 5 күндүн ичинде милдеттүү түрдө каттоого турушу керектигин талап кылган мыйзам кабыл алган. "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун парламентте жактаган өкмөт өкүлдөрү мыйзам "терроризм менен күрөшүүгө багытталган" деп түшүндүрүшкөн эле. Парламент 2016-жылдын 24-октябрында мыйзамды кабыл алып, документ 2016-жылдын 5-ноябрында күчүнө кирген. Жарандык коом, кирешеси түздөн-түз туристтерден көз каранды болгон калктын бир бөлүгү мындай мыйзам кабыл алуу менен өлкө өнүгүү жолунда артка кадам таштаганын айтып, каршы чыгышкан. Бирок алардын пикири менен эсептешүү болгон эмес.
Өкмөт бул мыйзамды жүзөгө ашырууга даяр эместиги бат эле билинди. Чек арадан өткөн чет жердиктер өлкөдө жаңы мыйзам иштеп баштаганын, анын талабы боюнча 5 күн аралыгында каттоого туруу зарылдыгын айтып эскерткен эч ким болбогонун айтып жатышты. Мыйзамды сыйлап 5 күн ичинде каттоого турганы барган чет жердиктер дагы жаңы тоскоолдуктарга туш болушту. Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлеринин кыргыз-орус тилдеринен башка дүйнөлүк тилдерди билбегендиги, котормочу деген штаттын жоктугу болуп чыкты.
Кышкы туризм өнүгүп келе жаткан Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургундары бүгүн президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошту. Кайрылууда: “Мыйзам Кыргыз өлкөсүнүн жана туризм тармагынын өнүгүшүнө тоскоолдук жаратууда. Башка өлкөлөр туристтердин келишине шарт түзүшсө, биз кайра артка кетип жатабыз. Шаардын тургундарынын көпчүлүгү туристтик сезондо каражат табышат, туристтер убактысын каяктагы бюрократиялык нерселерге короткусу келбейт. Бул мыйзам укук коргоо органдарында коррупциянын өсүшүн шарттап жатат", - деп айтылат. Бүгүнкү күндө туристтердин агымы азайып, Бишкек шаарында мейманканалар, конок үйлөрү бошоп жатканын айткандар чыкты. Өлкөдө кышкы туризм жаңы башталууда. Бул мыйзам өлкөгө келчү туристтерди качырары белгилүү болуп калды. Муну өкмөт да моюнга алууга аргасыз болду. Өкмөт 90 өлкөнүн жарандары Кыргыз Республикасында 5 күндүн ичинде каттоого туруу милдетинен бошотула турганын, ал өлкөлөрдүн тизмеси 19-декабрда бекитилерин ырастады. Жакында парламентте депутаттар туристтерди качырган көрүнүш деп Жалал-Абад облусундагы Сары-Челек көлүнө барчу жолду мисал кылышты. Жылына 20 миңдей туристти тейлеген Сары-Челек коругуна барчу 20 чакырым жолдун абалы өтө начар экенин, туристтер Сары-Челектин кооздугуна канчалык суктанса, жолдун начардыгынан ошончолук түйшүк тартып, нааразы болуп кетишерин депутат Алмазбек Эргешов айтып чыккан. Туризм акырындап өнүгүп келе жаткан өлкө үчүн бюрократиялык тоскоолдуктарды көбөйтүүчү мыйзамдар ашыкча...