ЖЫЛНААМА, 14-ДЕКАБРЬ: 217 жыл мурун АКШнын туңгуч президенти Жорж Вашингтон каза болгон

Мындан 217 жыл мурун, 1799-жылы 14-декабрда АКШнын туңгуч президенти Жорж Вашингтон көз жумган. Ал 1732-жылы 22-февралда Виргинияда төрөлгөн. Анын атасы бай плантатор жана кул ээлөөчү болгон. 11 жашында атасы каза болуп, аталаш агасы Лоуренстен тарбия алган. Билимди үйдөн алган соң өзүнчө окуп билим алганга аракет кылган.

1749-жылдан баштап Маунт-Вернондо чоң жер тилке менен 18 кулга ээ болгон. Майор наамында виргиниялык төрт элдик кошуунунун биринде командир болгон.
Полковник наамын алган Жорж Вашингтонго 1756-жылы жети жылдык согушта өзүнүн элдик кошууну менен колониянын батыш чек арасын сактоого тапшырма берилген. 1759-жылы отставкага кеткен.
Жорж Вашингтон Британиянын колониалдык саясатына каршы болуп, колониалдык бийликтин иштерин сындаган.
1774-1775-жылдары Континенталдык конгрессте Виргиниянын төрагаларынын бири болгон. Колониялар британдык метрополия менен бир чечимге келишпестигин билип аскер формасын кийген. 1775-жылы 15-июнда Конгресстин чечими менен Континенталдык армиянын башчысы болот. Ал армияны Түндүк Америка эгемендүүлүккө жеткиче башкарган. Жорж Вашингтондун АКШдан британиялык аскерлерди чыгарууга кошкон салымы чоң болгон. Конгресс ага диктатордук ыйгарым укуктарды дагы берген, бирок ал андан баш тарткан. Ал бардык байлыгын Континенталдык армияга жумшап, кызмат кылган жылдарына төлөнүүчү маянадан баш тарткан.
Вашингтон эл арасында белгилүү болуп, согуш учурунда эрдигин, жогорку моралдык сапаттарын, туруктуулугун көрсөтө алган.
1783-жылы ноябрда Париждеги тынчтык келишиминен кийин Вашингтон отставкага кеткен.
1787-жылы Вашингтон Конституциялык конвенттин төрагасы болуп шайланган. Анын аракеттери менен Виргиния 1787-жылкы Конституцияны бекиткен.
1789-жылы 30-апрелде ал өзүнүн кадыр-баркы жана популярдуулугу менен өлкөнүн президенти болуп шайланган. 1792-жылы кайрадан төрт жылга президенттикке шайланган.

13-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан