Быйыл түрмөгө камалган журналисттердин саны рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу Журналисттерди коргоо комитетинин иликтөөсүндө айтылат. Эң эле көп камоолор Түркияда болду.
Маалыматтарга карганда, 2016-жылдын 1-декабрына карата журналист-туткундардын саны 259 адамды түздү. Түркияда 81 кабарчы темир торго алынды. Алардын баары "мамлекетке каршы ишмердүүлүк жүргүзгөн" деп айыпталышкан.
2014-2015-жылдары журналисттерди абакта кармоо боюнча алдыга озуп чыккан Кытай бул сапар экинчи орунда. 38 кабарчы камакка алынган. Андан кийинки орундарда Египет, Эритрея жана Эфиопия жайгашты. Дүйнө жүзү боюнча камалган журналисттердин үчтөн эки бөлүгү дал ушул беш өлкөгө туура келет.
"Маалымат чогулткан жана аларды таркаткан журналисттер коомдук кызматты аткарып келишет. Алардын укуктары эл аралык мыйзамдар менен корголгон. Буга байланыштуу ушунча көп өкмөттөр эл аралык милдеттемелерин бузуп, журналисттерди камап жатканына биз аябай таң калдык", - деди комитеттин аткаруучу директору Жоэл Саймон.