Бүгүн, 23-апрелде Нарын шаарындагы С.Орозбаков атындагы орто мектепте “Айылдык китепканаларга китеп белек кыл” деп аталган акция болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган иш-чарада облус башчысынын орун басары Ч.Абдыраимакунова, шаар мэри Б.Жээналиев жана бир катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келип куттукташып, белек катары китеп тапшырышты. Мындан сырткары китеп белек кылуу үчүн жергиликтүү акын-жазуучулар, шаар тургундары келишти. Иш-чаранын жүрүшүндө келген коноктор жаш муунду тарбиялоодогу китептин ролу жөнүндө ой-пикирлерин айтышты. Маалыматка ылайык, аталган акция аптанын аягына чейин созулат.