Кербен шаарында орто мектепке барчу жол эки жылдан бери оңдолбой жатат. Мындай нааразычылыгы менен SUPER.KG порталына окурман кайрылды.
Анын айтымында, жолго топурак, шагыл төгүлгөн, бирок оңдоо иштери жүрө элек. "Окуучулар жамгырда, кар эригенде кыйналышууда. Алардын бут кийимдери, шымдары кир болуп, окуу жайдын ичин булгап жатышат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.