Жогорку Кеңеште айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү боюнча жаңы сунуш киргизилди. Депутат Акылбек Жапаров мас абалында автоунаа айдагандар биринчи жолу кармалса, айып пул салып, экинчи жолу мас абалында кармалса, 5 жылга айдоочулук укуктан ажыратууну сунуштады. Ал эми мас абалында унаа айдап баратып адамды сүзүп, жабырлануучу каза болуп калса, күнөөлүү айдоочуну айдоочулук укуктан биротоло ажыратуу нормасы киргизилүүдө. Ошондой эле кармалган мас айдоочуга тийиштүү чара көрбөгөн Жол-кайгуул кызматынын өкүлүнө 20 миң сом суммасында айып салуу жагы каралууда.
Жапаров сунуштаган мыйзам долбоору парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинде 1-окууда колдоо тапты. Эми депутаттардын жалпы кароосуна чыгарылат.