Билим берүү жана илим министрлиги: "2017-жылы 620 мектеп интернетке туташтырылат"

Өлкө аймагында 2017-жылы 620 мектеп интернет кызматын пайдалана баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн чечими менен Билим берүү жана илим министрлигине алгачкы жолу 300 миллион сом каражат бөлүндү. Бул сумманын 163,6 миллиону мектептерди интернетке туташтыруу үчүн, ал эми калган каражат жабдууларды алууга жумшалмакчы. 2017-жылдын 1-сентябрына чейин 620 мектептин 70 пайызы интернетке кошулса, 30 пайызы жыл аягына чейин туташтырылат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагында 2218 мектеп бар. Учурда 700гө жакын мектепке интернет туташтырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sema87
2016-12-14 13:17:02
Эмне эле болсо шаардан баштабай чет жердеги айыл жергесиндеги мектептерден баштагыла ал окуучулардын да шаардагылардай укугу бар колдонууга мисалы эч конул бурулбай келет Баткен областына ошол жактан баштагыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан