Референдумга эл аз санда катышканына депутаттар Тайырбек Сарпашев жетектеген мекемени айыпташты

11-декабрда референдумга техникалык кемчиликтердин айынан катышкан жарандардын саны аз болуп калганы үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы жооп бериши керек. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Азамат Арапбаев билдирди.

Анын айтымында, шайлоочулар шайлоо тилкелерине келип, өздөрүн тизмелерден таба албай калып жатышты. "Тизмелердин баш аламандыгынан бир топ шайлоочу добуш бере албай калышты. Референдумга жалпы шайлоочулардын 40 пайыздан ашууну гана катышты", - деди Арапбаев. Андан соң ал бүгүнкү күн тартибине Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүн чакырып, аталган маселени талкуулоону сунуштады.

Арапбаевдин сунүшуна депутат Чолпон Жакупова кошулду. Жакупованын сунушу боюнча, Сарпашевден тышкары жыйынга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова да келип, депутаттардын суроолоруна жооп бериши керек.

Айта кетсек, 11-декабрда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп, ага катталган шайлоочулардын 42 пайызы добуш берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан