Ташкентте Шавкат Мирзийоевдин президенттик кызматка киришүү салтанаты өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Экс-президент Ислам Каримов каза болгондон кийин өлкө башчылыгына жаңы шайланган Шавкат Мирзийоев бүгүн, 14-декабрда президенттик кызматка киришип, ант берет. Мирзийоев 4-декабрда президенттик шайлоодо 4 талапкердин ичинен 88,61 пайыз добушка ээ болуп, алдынкы орунга чыккан.
Мындан сырткары бүгүн Өзбекстанда жаңы өкмөт башчылыкка сунушталып жаткан Абдулла Ариповдун талапкерлиги парламентте каралат.