Казакстанда 28 миңдей адам абактан бошотулушу ыктымал. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Нурсултан Назарбаев 13-декабрда калкка кайрылуу жасап, мекендештерине карата кечирим кылып, жашы жете электерди, балдары бар аялдарды, улгайган адамдарды эркиндикке чыгарарын айткан. Ошол эле учурда өзгөчө коркунучтуу кылмыш жасагандар мунапыска илинбестигин кошумчалаган.
Абактагыларга карата мунапыс өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу кабыл алынган. Маалыматка ылайык, абак жайлардан бошотулгандардын 80 пайызы көзөмөлдө турмакчы.
Белгилүү болгондой, Казакстандын абактарында учурда 36 миңдей адам отурат.