“Элдин макул боло турган да, макул болбой турган маселелеринин бардыгы Жогорку Кеңештин кароосуна коюлуп, калыс чечимдер кабыл алынып жатат. Ошондуктан Жогорку Кеңешти саясаттын кайнап турган казанына салыштырар элем”,- дейт саясат талдоочу Бакыт Бакетаев “Парламент” радиосуна берген маегинде. Парламенттик системдин артыкчылыгы катары андагы айтылып жаткан ар бир пикирдин сөз эркиндигине таянгандыгы ачык эле көрүнүп тургандыгын белгиледи Бакетаев. 2010-жылдагы элдик революциядан кийинки парламенттеги жетишкендик – оппозициялык фракцияларга 2 тармактык комитетти жетектөө укугунун берилгендигин да айтты. Ошондой эле саясат талдоочун парламенттин табияты ар дайым ар кандай талаш-тартыштар менен коштоло тургандыгын кошумчалады.